
Архивден алынган сүрөт
Бул жыйындар жаңы машыктыруучу Роберт Просинечкинин жетекчилиги астында өтө турган биринчи жыйындар болот. Жыйында команда эки достук матч өткөрөт: 26-мартта футболчулар Мадагаскар менен, ал эми 31-мартта Бахрейн менен беттешет.
Учурда ФИФА рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 103-орунду ээлеп турат, Мадагаскар 104-орунда, ал эми Бахрейн 90-орунда.