Британиянын The Guardian басылмасы Кыргызстанды саякаттоо үчүн 40 мыкты өлкөнүн катарына киргизди
The Guardian Кыргызстанды 2019-жылы туристтер үчүн 40 мыкты багыттын катарына киргизди
Бул тоолуу өлкөдө элдер дагы эле бүркүт менен аңчылык кылуу боюнча байыркы салттарын сактап келет, ал эми туристтерди кымыз ичип кетүүгө чакырышат, деп белгилейт басылма.
Популярдуу британ басылмасы The Guardian 2019-жылы саякатчылар үчүн 40 багыттын тизмесин сунуштады.
Топ-листке Кыргызстан да кирди.
"Бул Ортолук Азиядагы, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, тоолуу өлкөдө, жапайы табияттын чоң аймактары бар, жарым көчмөн элдер дагы эле бүркүт менен аңчылык кылышат. Келгендер бул салтты Ысык-Көлдө көрө алышат", — деп жазат The Guardian өлкө тууралуу.
Макалада Ысык-Көлдүн батышында жайгашкан Кочкор аттуу чоң айыл пешеходдор үчүн жакшы база экендиги белгиленет, бул жерде жөө жолдор 4000 метрден жогору тоо ашууларынан өтөт. Көпчүлүк маршруттар юрта лагерлеринен өтөт, жана саякатчыларды малчылар менен алардын үй-бүлөлөрүнө кымыз ичип кетүүгө чакырышы мүмкүн.
Мурда КР 2019-жылы авторитеттүү эл аралык басылма[url=http://] Lonely Planet[/url] боюнча саякаттоо үчүн эң мыкты он өлкөнүн катарына киргизилген.