
Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы дин жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин орун басары Канатбек Мидин уулу, ошондой эле райондордун башчыларынын орун басарлары, мэриянын ар түрдүү структураларынын өкүлдөрү, райондук администрациялар, Ички иштер башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Билим берүү департаменти, Муниципалдык инспекция жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү катышты.
Жыйында "Кыргыз жараны" токтому боюнча концепциянын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди, андан кийин мындан аркы аткаруу үчүн тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Бишкек мэриясы жарандык идентичносту калыптандыруу, этностор аралык келишимди бекемдөө жана мамлекеттик тилди илгерилетүү, ошондой эле маданий мурастарды сактоо боюнча активдүү иш алып барууда. Патриотизмди, толеранттуулукту жана активдүү жарандык катышууну өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү билим берүү, маданий жана коомдук иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Жыйындын катышуучулары мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү аспектилерин, экстремизмдин алдын алуу жана борбордогу коомдук келишимди бекемдөө маселелерин да талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча этностор аралык биримдикти жана толеранттуулукту сактоого багытталган иш-чараларды ишке ашырууда ведомстволор аралык координацияны күчөтүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды.