





Мындан тышкары, түнкү 12ден кийин добуш берүү 20 участокто улантылды, алар башка өлкөлөрдө, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария жана Францияда жайгашкан.





Акыркы маалыматтар боюнча, 1-декабрь күнү саат 00:00гө карата, шайлоодо добуш берген жарандардын саны 25 458ди түздү.Сан-Францискодогу акыркы участоктогу добуш берүү 1-декабрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө белгиленген.