
Аппараттын кызматкерлери зарыл иштерди жүргүзүүдө
Кыргызстандагы парламенттик шайлоолордо чыккан скандалдарга карабастан, Жогорку Кеңеште жаңы депутаттарды кабыл алууга даярдык башталды. Бул тууралуу парламент аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев билдирди.
Жаңы абалды түшүнүү үчүн, Борбордук шайлоо комиссиясы 14-декабрга чейин добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктарын чыгарып, шайланган талапкерлерди каттоого алууга милдеттүү экенин белгилеп өтөлү. Жаңы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны каттоонун аяктаганынан кийин 15 күндүн ичинде өтүшү керек.
Бул биринчи жыйында жаңы шайланган депутаттар өздөрүнүн күбөлүктөрүн жана значокторун алышат. Андан мурда кабинеттерди бөлүштүрүү жана башка уюштуруу маселелерин чечүү пландалууда.
Сүрөт www