Переговорлорду Жээнбек Кулубаев өткөрдү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке расмий сапар менен келген Тюрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТюркПА) жаңы Генералдык катчысы Рамиль Гасан менен жолугушту.
МИДдин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда ТюркПАнын ичиндеги кызматташтыктын абалы жана келечеги, ошондой эле ассамблеяга катышкан мамлекеттердин ортосундагы парламенттик мамилелердин өнүгүшү тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды.
Кулубаев Гасанды жаңы кызмат орду менен куттуктап, Кыргыз Республикасы тюрк кызматташтыгы институттарын өнүктүрүүнү жогору баалаарын, ТюркПА парламенттик дипломатия үчүн маанилүү аянтча болуп саналат деп белгиледи.
Мындан тышкары, министр ТюркПАнын байкоочуларын Жогорку Кеңештеги келечектеги шайлоолорду мониторинг жүргүзүүгө активдүү катышууга чакырды.
Жооп катары Рамиль Гасан министрге ТюркПАнын жакынкы убакытка пландарын, анын ичинде 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган 15- пленардык жыйын тууралуу маалымат бөлүштү.
МИДдин маалымат кызматынан алынган сүрөт
