
Бул маалыматты шаар башчысы Жаны-Маал айылында жашоочулар менен болгон жолугушууда билдирди.
4-декабрда Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев аталган айылда реновация программасынын башталганын жарыялады.
Жаны-Маал 2024-жылы административдик-территориялык реформа натыйжасында шаарга кошулган.
Мэрдин айтымында, реновациянын алкагында айылда эски имараттарды бузуу пландалууда, алардын ордуна жаңы көп кабаттуу жана жеке үйлөр, ошондой эле мектеп, бала бакча, поликлиника, мечит жана сквер курулат.
Учурда Жаны-Маалдын калкы болжол менен 4 миң адамды түзөт.
Ошондой эле, реновация боюнча окшош пландар борбор шаар үчүн да бар. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бир нече жолу айтып келишкен.
Сүрөт www