«C5+1» саммити АКШда 6-ноябрда өтөт
Кийинки жумада Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугушат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау өзбекстандык өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирген.

6-ноябрда Вашингтондо Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын президенттеринин «C5+1» форматы боюнча жолугушуусу өтө турганын белгилеп өтүү керек. Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы Садыр Жапаров Дональд Трамптын чакыруусу менен саммитке катышарын ырастаган.
Сүрөт www
