
Old Bishkek долбоорунун негиздөөчүсү Нариман Тюлеев элдин пикири менен эсептешүү максатында концепцияны кайра карап чыгуу жана өзгөртүү зарылдыгын билдирди.
Тюлеевдин белгилөөсү боюнча, мындай чечим коомчулуктун нааразычылыгы жана өлкө жетекчилигинин көрсөтмөлөрүнүн натыйжасы болуп калды.
"ГКНБнын төрагасы Камчыбек Ташиев долбоордун кээ бир аспектилери кайра каралышы керек экенин белгилеп, бардык деталдарды кайрадан изилдөөнү сунуштады. Мындай маселелердин катарында имараттын үчүнчү кабатын бузуу жана жолдун кеңейиши бар. Биз бул талаптарды эске алабыз жана зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Эгерде ката кетирилген болсо, биз чын жүрөктөн кечирим сурайбыз. Элдин пикири биздин үчүн өтө маанилүү, ошондуктан биз долбоорду кайра иштеп чыгууга даярбыз", - деп баса белгиледи ал.
Жаңы пландарга ылайык, жолдун ар бир тарапта үч тилкеси болот, жалпы алганда алты тилке. Эгер аба ырайы мүмкүнчүлүк берсе, жол курулушу ушул жылы аяктайт, болбосо курулуш кийинки жылга жылдырылат. Бирок кыймыл 12-декабрда ачылат," - деп кошумчалады Тюлеев.
Источник: Кабар