
Жогорку деңгээлде макулдашууга жетишилди
Келечектеги «Ортолук Азия-Япония» саммити Казакстандын аймагында өтөт, бул тууралуу Акордада маалымдашты.
20-декабрда Ортолук Азия жана Япония өлкөлөрүнүн жетекчилерин, ошондой эле бизнес жана саясат өкүлдөрүн чогулткан иш-чара өттү.
Саммиттин жыйынтыгында Казакстан жана Япония 3,7 миллиард доллардан ашуун жалпы суммасында 60тан ашык келишимге кол коюшту.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: «Мындай саммит Япония үчүн да, Ортолук Азия үчүн да чоң мааниге ээ. Бул жолугушуулар биздин региондун өсүп жаткан эл аралык маанисин жана глобалдык процесстердеги салмактуу ролун баса белгилейт. Казакстан япон инвестициялары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр», - деди.
Кыргызстан да Япония менен 20дан ашык эки тараптуу келишимге кол койду.
Форум Токио декларациясын кабыл алуу менен аяктады, жана бул демилгеде төрагалык Астанага өттү. Ортолук Азия жана Япония лидерлери келечектеги саммитти Казакстанда өткөрүү боюнча макулдашышты.
Сүрөт www