
Кыргызстандын борборунда «В5+1» форуму өтөт
«В5+1» форумы Бишкекте 2026-жылдын 4-5-февралында өтөт, бул тууралуу экономика жана соода министрлигинин иш-чарага даярдык боюнча өткөргөн брифингинде маалымдалды.
Форумду өткөрүү боюнча демилге «С5+1» саммитинде, 2023-жылдын 6-ноябрында Вашингтондо жетишилген макулдашуунун натыйжасында пайда болду. Форумдун негизги максаты региондогу интеграцияны күчөтүү жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө инвестиция тартуунун жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары менен экономикалык өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү болуп саналат.
Талкууга айыл чарбасын өнүктүрүү, электрондук соода жана IT-индустрия, транспорт жана логистика, туризм, банк сектору, ошондой эле критикалык маанидеги минералдар боюнча кызматташтык сыяктуу маанилүү темалар коюлат, деп билдирет министрлик.
Бул форум жаңы экономикалык приоритеттерди жана «Борбордук Азия — АКШ» форматындагы өнөктөштүк демилгелерин түзүү үчүн негизги кадам болуп калат деп күтүлүүдө.
Сүрөт www