Бишкектеги Урбанисттик форум

Бишкектеги урбанисттик форум


Качан: 6 жана 7-июнь

Кайда: Улуттук китепкана

Телефон: (0555) 222-752

6 жана 7-июнда Улуттук китепканада I Бишкек урбанисттик форуму өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары - "Шаардык демилгелер" коомдук фонду, "Жаштар маданий борбору" Бишкек мэриясынын жана "Сорос - Кыргызстан" фондунун колдоосу менен.

"Бишкек Урбан Форум" - шаар куруу, урбанистика жана ага байланыштуу дисциплиналар боюнча эл аралык конференция, активдүү шаардыктар, адистер, муниципалдык кызматкерлер жана бизнес-компаниялардын тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча. Алгачкы форумдун темасы "Бишкек Upgrade" шаарды сапаттуу жаңылоо (апгрейд) зарылдыгын, анын жөнүндө жаңы парадигманы издөөнү, күч-аракеттерди жумшоо үчүн чекиттерди белгилөөнү баса белгилейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Форумдун программасында "Турмуш үчүн шаарлар" жана "Шаардык өнүгүү стратегиялары" урбанистика тренддерин талкуулоо каралган, ага Россия, Германия, Чехия, Грузиядан чакырылган эксперттер катышат.

Форумдун алкагында "Шаардык сүйлөшүүлөр" видеоблогу, "Жолдордон үйрөнүү" архитектуралык көргөзмөсү, "Шаардык демилгелер" долбоордук идеялар конкурсу пландалган.

Форумга даярдык көрүү алкагында активдүү шаардыктар өз идеяларын, ар кандай масштабдагы долбоорлордун сүрөттөмөлөрүн жибере алышат.

Форум жөнүндө толук маалыматты (0555) 222-752 телефону аркылуу же [email protected] электрондук почтасына жазып билүүгө болот.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent