Алыбаков Аскарбек Алыбакович

Алыбаков Аскарбек Алыбакович

Алыбаков Аскарбек Алыбакович



Физика-математика или илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

1933-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин аяктаган.

Ал ири окумуштуу болуп, анын жетекчилиги астында Кыргызстанда кристаллофизика тармагында белгилүү касиеттерге ээ материалдарды алуу боюнча изилдөөлөр башталып, кеңири өнүгүү алган. Анын жетекчилигинде кристалдарды эритмелерден өстүрүү ыкмалары иштелип чыккан, бул кристалдардын дислокация плотносту төмөн, өсүү процессин тездетип, легирлөө деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берген.

Ал иондук кристалларда 30га жакын жаңы примесно-радиациялык борборлорду изилдеп, алардын табияты жана локалдык симметриясын аныктаган. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы катары лазер үчүн жаңы активдүү чөйрөнү иштеп чыгуу жана пассивдүү лазердик затворлор менен ионизациялык нурланууларды термолюминесценттик дозиметрия, термоэкзоэлектрондук эмиттерлер жана ядролук бөлүкчөлөрдүн сцинтилляциондук детекторлору үчүн жаңы материалдарды алуу болуп саналат.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйланган.

Анын жетекчилиги астында 19 кандидаттык диссертация коргогон.

200дөн ашык илимий эмгектер жарыяланган, 20дан ашык ойлоп табуулардын автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Термолюминесценттик дозиметр үчүн зат. Автордук күбөлүк № 607473,1977.
2. Термолюминесценттик дозиметр. Автордук күбөлүк № 1384028,1987.
3. Органикалык эмес сцинтиллятор. Автордук күбөлүк № 1382206,1987.
4. Термолюминофорду алуу үчүн шихта. Автордук күбөлүк № 1814393,1992.
5. Термолюминофор. Автордук күбөлүк № 1570509,1990.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent