Шубин Петр Федорович
Шубин Петр Федорович 1894-жылдын 10-июнунда Оренбург губерниясынын Троицк районундагы Ташла айылында төрөлгөн. Педагог, дирижер жана композитор, театралдык искусствонун жана жаңы улуттук музыкалык маданияттын өнүгүшүндө өтө маанилүү роль ойногон. Кыргыз ССРинин композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгеги сиңген ишмери, биринчи элдик аспаптар оркестринин уюштуруучусу жана жетекчиси. Балалыгынын мезгилинде кичинекей Петр өзгөчө бала катары көрүнүп, 1908-жылы ата-энеси аны