Калык Акиев (1883—1953)
Калык Акиев (1883—1953) — акын-импровизатор, комузист, Кыргыз ССРинин эл артисти (1939), СССР жазуучулар союзунун мүчөсү (1938). Ал Тянь-Шань уездинин Кулжыгач айылында (азыркы Нарын облусу) төрөлгөн. Анын атасы Акы аңчылык жана кол өнөрчүлүк менен алектенген. Калык эрте эле ырдоого кызыгып, 18 жашында эле аймакта акын катары таанылган.