Боконбаева Сырга Джоомартовна (1941), медициналык илимдердин доктору (1994), профессор (1995).Кыргызка. Фрунзе шаарында төрөлгөн. КГМИни (1964) жана аспирантурасын ошол жерде (1968) аяктаган. ЦРБда педиатр болуп иштеген, ассистент, доцент, учурда - КГМАнын пропедпедиатрия кафедрасынын башчысы.
Неонатология, балдардын гематологиясы боюнча адис. Эл аралык информатизация академиясынын академиги (1996). Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган (1996). 60тан ашык илимий эмгектери жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргызстандагы балдардын металл жетишсиздиги. Метод, көрсөтмө. Бишкек, 1995.
2. Геморрагиялык диатездер. Студенттер үчүн методикалык сунуштар. Бишкек, 1996.
3. Экологиялык жагымсыз факторлордун эне жана бала ден соолугуна тийгизген таасири (авторлук). //«Аялдар жылы, жыйынтыктар, келечек» жыйнагы. Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары, Бишкек, 1997.
4. Жаңы төрөлгөндөрдө гнойно-септикалык оорулардын актуалдуу маселелери (авторлук). Илимий эмгектер жыйнагы. Бишкек, 1999.
5. Гнойно-септикалык оорулары бар жаңы төрөлгөндөрдүн гуморальдык иммунитетинин абалы (авторлук). //КГМАнын «Ушул күндөгү тоо «глицинынын» өнүгүү аспектилери» жыйнагы, Бишкек, 2000.