Ковалев Александр Александрович

Ковалев Александр Александрович (1921),
геология-минералогия илигинин доктору (1970), СССРдин Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты (1953, 1954)
Орус. РФнын Москва облусунун Люберцы шаарында туулган.
Москва геология-изилдөө институтун (МГРИ, 1943) бүтүргөн.
Кыргыз Республикасынын Геология башкармалыгында геологиялык партия жана экспедициянын улук, башкы геологу болуп иштеген, учурда - Москва мамлекеттик университетинде (Москва).
Геология жана металлогения тармагында адис.
Эмгектин Кызыл Туусу ордени менен сыйланган.