Бул документтин максаты ФККСтин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана кредиттик союздардын жетекчи кызмат адамдарына коюлган минималдуу талаптарды кайра карап чыгуу, анын ичинде төмөнкү негизги өзгөртүүлөрдү камтыйт:
- ФККС кредиттик союздарга гана эмес, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү укугуна ээ болот. Учурдагы нормалар ФККСтин түз кредит берүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, кредиттик портфелдин өсүшүн кыйындатууда жана кирешени төмөндөтүүдө. Ушул полномочулардын кеңейиши ФККСке кардар базасын диверсификациялоого жана финансылык туруктуулукту камсыздоого мүмкүндүк берет, айрыкча коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан өсүп жаткан атаандаштык шартында;
- ФККСтин директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгына болгон талаптарды төмөндөтүү. Учурдагы шарттар квалификациялуу талапкерлерге жетүүнү чектеп, директорлор кеңешин жаңылоону жана тышкы эксперттерди тартууну кыйындатууда. Бул ошондой эле маалыматты ачыктоо боюнча кошумча чараларсыз чыныгы көз карандысыздыкты камсыз кылбайт;
- ФККСтин акция ээлеринин санын көбөйтүү. Учурдагы акция ээлеринин курамы боюнча чектөөлөр (Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган кредиттик союздар) капитал тартуу жана стратегиялык инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүп, өнүгүүнү жана инновацияларды токтотууда;
- Кредиттик союздардын кызмат адамдарына коюлган квалификациялык минималдуу талаптарды өзгөртүү. Учурдагы талаптар профессионалдарды тартууда жана заманбап тобокелдиктерди башкаруу жана нормаларды сактоо ыкмаларын киргизүүдө кыйынчылыктарды жаратат.
Маалымат
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКнын жетекчиси Кожеков Омурбек Акылбекович, ал эми негиздөөчүлөр акция ээлери болуп саналат.