Ислам оюндары: Акжол Махмудовдун биринчи атаандашы аныкталды. Тармактар
17-ноябрда Сауд Аравиясында Ислам ынтымакташтыгы оюндарынын алкагында өтө турган күрөш турниринин тартуу жөрөлгөсү өттү. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча команда беш спортчу менен өкүлчүлүк кылат, алар Улукбек Карачолоковдун жетекчилигинде чыгышат. Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 18 жана 19-ноябрда пландалган.