Тоолорго саякаттар жана туристтик базалар

Тоолорго саякаттар жана туристтик базалар

Көктөм! Табиятка чыгуу убактысы!


Шейшемби, 3-март 2018-жылы Боом капчыгайына саякат уюштурулат! Саякаттын программасында капчыгайлар боюнча сейилдөө жана Чу дарыясынын жээгинде самовар менен пикник обед болот! Сиздерге бул жерден эсте калуучу кооз сүрөттөрдү тартуулаган мүмкүнчүлүк болот!

Жекшемби, 4-март 2018-жылы сиздерге эки альтернативдүү саякат сунуштайбыз, Ала-Арча капчыгайына жана Ысык-Ата капчыгайына! Кайсы саякатка көбүрөөк катышуучулар жазылса, ошол жакка барабыз! Эгер эки саякатка да жетиштүү адамдар чогулса, анда эки топ эки жерге жөнөйт!

Бейшемби, 8-март 2018-жылы Ысык-Көлгө бир күндүк саякат уюштурулат! Сүйүктүүлөрүңүздөргө майрам тартуулап, романтикалык обстановкада куттуктаңыздар! Саякаттын программасында Ысык-Көлдүн жээгинде пикник обед (таамдарды үйдөн алып келебиз), чыныгы самовардан чай, ошондой эле шашлык заказ кылууга мүмкүнчүлүк болот! Андан кийин термалды бассейнге сүзүүгө барабыз, ал эми кыялданган адамдар Ысык-Көлгө сүңгүүгө мүмкүнчүлүк алышат!

Жекшемби, 11-март 2018-жылы Кегеты капчыгайына саякат уюштурулат! Саякаттын программасында шаркыратманы көрүү, пикник обед (таамдарды ар бир адам үйдөн алып келет), чыныгы самовардан чай, шашлык заказ кылууга мүмкүнчүлүк болот, ал эми кайтып келе жатканда "Гавайларга" токтоп, сейилдеп, сүрөткө түшөбүз.

Топко жазылуу башталды! Бизге кошулууну каалагандар, телефон чалып, жазылыңыздар!
Телефондар: 88 24 04, 0550 730 480, 0772 730 480.
Бардык суроолор, консультациялар жана топко жазылуу боюнча өтүнүч, тек гана телефон аркылуу.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent