Республика Науру

Науру Республикасы

НАУРУ. Науру Республикасы


Океаниядагы, Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндөгү бир аты менен аталган корал аралында жайгашкан мамлекет. Аймагы — 21 км2.

Расмий борбору жок; өкмөттүн резиденциясы Мененг округунда, өкмөттүк имараттар жана парламент Ярен округунда жайгашкан. Административдик-территориялык бөлүнүшү — 8 округ. Калкы — 10,1 миң (2004-ж.); анын 60% — науруанцы (полинезийлер), калган 40% — башка Океания аралдарынан келгендер, кытайлыктар, филиппиндиктер жана европалыктар. Расмий тилдер — науру жана англис тили. Дин: 60% динге ишенгендер — протестанттар (негизинен конгрегационалисттер жана англикандыктар), калган 40% — католиктер жана башка. Валюта — австралиялык доллар.

Россия Федерациясы менен дипломатиялык мамилелери бар (СССР менен 30.XII 1987-ж. орнотулган).

Улуттук майрам — 31-январь - Эгемендүүлүк күнү (1968-ж.).

Науру — Британдык Коммонвелттин курамындагы республика. Конституцияга (1968-ж.) ылайык, мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы — президент (Л. Скотти), парламент тарабынан 3 жылга шайланат. Закон чыгаруу бийлиги парламентке (18 депутат, калк тарабынан 3 жылга шайланат) таандык.

Науру аралында биринчи европалык, 1798-жылы, англис деңизчи Дж. Ферн болгон, 1830-жылдардан тартып биринчи европалык отургундар пайда боло баштаган. 1888-жылы Германия аралды аннексиялап, аны Маршаллов аралдарынын протекторатына кошкон. 1914-жылы арал Австралия тарабынан басып алынган, 1919-жылы Лига нацийдан Науруну башкаруу боюнча мандат алган (Улуу Британия жана Жаңы Зеландия менен биргеликте). 1942-жылы аралды жапондуктар басып алган. 1947-жылы Науру БУУнун көзөмөлүндөгү аймак катары кайрадан Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын биргеликте башкаруусуна өткөн. 40-50-жылдардын чегинде өлкөдө эгемендүүлүк үчүн кыймыл күч алган. 1951-жылы декабрда 1927-жылы түзүлгөн башчылар кеңешинин негизинде Науруандык жергиликтүү башкаруу кеңеши түзүлгөн. 1966-жылы Науруда Закон чыгаруу жана Аткаруу кеңештери түзүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча реалдуу укуктарга ээ болушкан. 31-январь 1968-жылы мамлекеттин эгемендүүлүгү жарыяланган.

XX кылымдын башынан бери аралда фосфаттарды активдүү казып алуу жүргүзүлгөн, учурдагы запастары дээрлик түгөнгөн.

Агроөнөржайы начар өнүккөн жана ички керектөөгө гана багытталган. Негизги айыл чарба культурасы — кокос жаңгагы (2 миң т), жашылча жана жемиштер өстүрүлөт.

Мамлекеттик авиакомпания «Эр Науру» жана деңиз транспорту компаниясы «Науру пасифик лайн» иштейт.

1968-жылы мамлекеттик радиоберүү кызматы «Радио Науру» түзүлгөн. Телеберүүлөр Жаңы Зеландиядан жүргүзүлөт.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent