Ошто биринчи музей дүкөнү ачылат

Ош шаарында биринчи музей дүкөнү ачылат

12-декабрда Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде адистештирилген дүкөн ачылат.


Анда КРнын түштүк борборунун тургундары жана туристтер белекке же эскерүү үчүн сувенирдик продукция сатып ала алышат.

Сатуу жайларында музей коллекциясы, экспонаттары, искусство, тарых жана Кыргызстан маданияты жөнүндө айтып берген жергиликтүү чеберлердин сувенирдик продукциялары жана көркөм чыгармалары сунушталат.

- Заманауи дүйнөдө музейлер интерактивдүү болуп баратат, аларда өз сайттары, интернеттеги баракчалары бар, бул келүүчүлөрдү кызыктырууга мүмкүндүк берет. Биздин өлкөдө 55 мамлекеттик музей бар, алардын көпчүлүгү кеңири коомчулукка белгисиз. Жана болгону 5 музейдин веб-сайты бар, бир музей гана келүүчүлөргө өз сувенирлерин сунуштай алат, - деп белгиледи «Музей дүкөнү» долбоорунун жетекчиси жана идеялык дем берүүчүсү Бактыгуль Мидинова. - Мен музей дүкөндөрүн өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептейм, анткени бул чыгармачылыкка жана искусствону үйрөнүүгө кызыгууну жогорулатат, дүйнөнүн каалаган бурчунда көркөм жана маданий чыгармаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Долбоор USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Долбоордун өкүлдөрү жергиликтүү кол өнөрчүлөр менен териден, жыгачтан, жүндөн, металлдан жасалган буюмдарды түзүү боюнча кызматташууда. Дүкөндүн ачылышына команда «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин коллекциясына негизделген жаңы сувенирлер линиясын даярдоодо.

Дүкөн жергиликтүү кол өнөрчүлөр үчүн өз продукциясын сатуу жана популяризациялоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп болжолдонууда.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent