Бул конкурстарга райондук этаптарда жеңүүчү болгон окуучулар катышып, өз иштерин шаардык деңгээлде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаралардын негизги максаты изилдөөчү жөндөмдөрдү өнүктүрүү, чыгармачылык демилгелерди колдоо жана кыргыз элинин маданий мурасын популяризациялоо болду.
Катышуучулар «Манас» эпосу боюнча өз билимдерин гана эмес, чыгармачылык мамилени, командада иштөө жөндөмүн, ошондой эле изилдөөлөрүн көркөм жана театралдаштырылган формада сунуштоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтүштү.
Судьялар курамына эксперттик коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү кирди:
- Кутмырза Жакыбалиев — КР президентинин алдындагы Улуттук комиссиянын өкүлү;
- Назым Мендебаиров — маданияттын эмгек сиңирген ишмери, режиссёр жана актер;
- Гулира Молдоисаева — Билим берүү департаментинин башкы адиси.
Судьялар катышуучулардын даярдык деңгээлин баалап, изилдөө темаларынын маанилүүлүгүн, сахна мастерлигин жана «Манас» эпосуна болгон камкордук мамилени белгилешти.
«Манасты даңазалоо — кыргызды даңазалоо» изилдөө долбоорлорунун конкурсу боюнча натыйжалары:
- I орун — №49 мектеп;
- II орун — №73 мектеп;
- III орун — №69 жана №53 мектептер.
«Айкөл Манасты сахналаштыруу» театрализация конкурсу боюнча натыйжалары:
- I орун — №45 мектеп;
- II орун — №94 мектеп;
- III орун — №78 мектеп.
Шаардык этаптын жеңүүчүлөрү жана сыйлыктарды алган катышуучулар Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинен грамоталарды алышат.