Мындай деңгээл саламаттыкка зыяндуу деп эсептелет.
Шаардын эң булганган үч району:
1. Нагорье - 111
2. Байтик айылы - 11
Бишкектеги негизги булгануучү зат PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, булгануу норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар сезимтал адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн зыяндуу | Сезимтал адамдарга таасир этүүсү мүмкүн, бирок башка адамдарга чоң таасир этпейт |
| 151—200 | зыяндуу | Көпчүлүк адамдардын ден соолугуна таасир этүүсү мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдарга |
| 201—300 | өтө зыяндуу | Ден соолукка кооптуу жана бардык тургундарды таасир этүүсү мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолукка кооптуу, ар бир адам оор кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2.5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Алар чаң, күл, кокс, ошондой эле абада салмактуу абалдагы сульфаттар жана нитраттардын аралашмасын камтыйт. Бул бөлүкчөлөр ири шаарларда байкалган аба сапатынын начарлашына себепкер болот.
Дүйнөлүк деңгээлде, аба сапатынын рейтингине ылайык, Бишкек төртүнчү орунду ээлейт, 11:00 12 мартка карата.
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин минималдаштыруу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- сырттагы физикалык жүктөмдү азайтыңыз;
- аба тазалагычты колдонуңуз.