
Сосиска 100дөн 400 сомго чейин сатылды
Агроөнөр жайды колдоо жана республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында, Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган ярмаркалар өтүүдө. Ар бир райондун ярмарка өткөрүү графиги бар, министрликтен маалымдалгандай.
Талас облусунун Манас районунда өткөн ярмаркада азык-түлүктүн баалары базардык баалардан кыйла төмөн болду. Мисалы, эт 650 сомго сатылса, сосиска 100дөн 400 сомго чейин сатылды.
«Республикада негизги азык-түлүк товарларынын жетишсиздиги жок, запастар жетиштүү деңгээлде. Ярмаркалар ички рынокту туруктуу кармоо жана жарандарды жеткиликтүү баада сапаттуу азыктар менен камсыздоо үчүн уюштурулууда. Бул демилгелер айыл чарба секторун колдоого жана региондордун экономикасын активдештирүүгө багытталган», - деп белгилешти Минводсельхоздон.
Сүрөт www