
Нацбанктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрынан 26-декабрына чейин 113 996 жаран «Тундук» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүн-өзү тыюу салуу функциясын колдонушту.
2025-жылдын 1-ноябрынан баштап финансылык коопсуздукту камсыз кылган жаңы механизм — «Кредит алууга өзүн-өзү тыюу салуу» иштей баштады. Бул механизм жарандардын жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн түзүлгөн.
Кредит алууга өзүн-өзү тыюу салуу процессин «Тундук» тиркемеси аркылуу оңой эле жүргүзсө болот.
- «Тундук» тиркемесин жүктөп алыңыз же ачыңыз.
- «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, «Кредит алууга өзүн-өзү тыюу салуу» тандоо.
- Бюродо — «Ишеним» же «СЭС» тандаңыз.
- «Өзүн-өзү тыюу салууну кошуу» баскычын басып, процессти аяктаңыз!
Эгер «Кызмат убактылуу жеткиликтүү эмес» деген билдирүү менен кездешсеңиз, тиркемени жаңыртып, кайра аракет кылыңыз.