Жаңы чечимдин жардамы менен ишкерлер салык органдарына жеке барбай эле, каттоочу маалыматтарын өзгөртө алышат. Эгер мурда бул процесс эки-үч жумушчу күндү алса, азыр ал толугу менен автоматташтырылып, болгону 5-10 мүнөттү алат.
Кызмат 24/7 жеткиликтүү жана жер шарындагы каалаган жерден колдонууга болот.
Жаңылануу алкагында «Салык төлөөчүлөрдүн жеке кабинети» функционалы үч маанилүү мүмкүнчүлүк менен кеңейтилип, эми ишкерлер:
- юридикалык дарек өзгөргөндө салык каттоо районун өзгөртө алышат;
- жаңы салык режимин тандай алышат же реквизиттерин жаңырта алышат;
- жаңы экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүн кошо алышат.
Кызматтан пайдалануу үчүн колдонуучу системага кирип, тез жеткиликтүү панелдеги «ИПны кайра каттоо» бөлүмүнө өтүп, электрондук форманы толтуруп, өзгөртүүлөрдү сактоосу керек.
Бул долбоор «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылып, кичи жана орто бизнес үчүн салык процедураларын жөнөкөйлөтүүгө багытталган.