
Мирлан Рахманов салык кызматы кызмат көрсөтүүчү органга айланууга багыт алып жатканын, бул жарандарыбыз жана ишкерлер үчүн салык төлөө жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын белгиледи.
«Мурда жарандар салык мекемелерине жеке барып, кезекте убакыт өткөрүп, документтерди даярдоого мажбур болушчу. Азыр бардык маалымат жана төлөмдөрдү онлайн режиминде жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Жеке салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу карыздар, мөөнөттөр жана салык төлөмдөрүнүн суммалары тууралуу толук маалымат алууга болот», — деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, Рахманов жарандар арасында салык маданиятын жогорулатуу жана салык органдарына болгон ишенимди бекемдөө мамлекеттик жана салык төлөөчүлөр ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жакшыртуудагы маанилүү жетишкендиктер экенин белгиледи.