
16-январда «Ала-Тоо» депутаттык тобу тигүү өнөр жайындагы, калктын жумуш менен камсыз болушу жана экономикадагы жалпы абалды талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйында тигүү секторунун жана мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү тармактагы актуалдуу көйгөйлөр менен бөлүшүштү.
Жыйындын катышуучулары Wildberries маркетплейси менен иштөөдө кыйынчылыктарды, Россия рыногуна кирүүгө чектөөлөрдү, сатуу диверсификациясына муктаждыкты, ошондой эле европа рынктарына чыгууга тоскоол болгон лабораториялардын жана сертификаттардын жоктугун белгилешти. 3000ден ашык тигүү цехи жабылып, миңдеген адамдар жумушсуз калгандыгы айтылды. Бул боюнча тармак өкүлдөрү өлкөнүн өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү өтүндү.
Талкуу учурунда депутат Жумабек Салымбеков экономика жана соода министринин жабылган тигүү ишканаларынын саны тууралуу маалымат сурады, өндүрүш көлөмүнүн кыскарганын жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жоготуп жатканын баса белгилеп, министрликтин белгиленген маселелерди чечүү үчүн кандай кадамдарды жасап жатканын кызыкты. Кыргызстан ЕАЭБдин бир бөлүгү экенин эске алганда, министрликтин кандай аракеттери бар экенин сурады.
Министр Бакыт Сыдыков учурда Wildberries маркетплейси менен өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
Депутат Сеидбек Атамбаев тигүү секторуна Бангладеш, Пакистан жана Өзбекстандан чет элдик адистерди тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду. Талайбек Масабиров тигүү ишканалары үчүн логистикалык борбор курууну жана жеңилдетилген кредиттерди киргизүүнү сунуштады. Министр Сыдыков Wildberries логистикалык борбору 2028-жылы ачылышы пландалып жатканын кошумчалады. Болотбек Борбиев тигүү өндүрүшүн «көлөкө» экономикадан чыгаруу үчүн легализациялоонун зарылдыгын билдирди.
Чолпон Эсенаманова Россияга товарларды алып кирүү эрежелери, маркировка жана кошумча нарк салыгы боюнча маселелерди көтөрдү. Нилуфар Алимжанова өлкөнүн тигүү продукциясын рынокторду диверсификациялоодо комплексдүү иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Азамжан Жалилов Кыргызстан ЕАЭБдеги мүчөлүк алкагында экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланууга тийиш экенин айтты. Азамат Исираилов ички өндүрүүчүлөрдү өнүктүрүү үчүн транспорт логистикасы жана сатуу каналдары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын кошумчалады.
Талкуунун жыйынтыгында «Ала-Тоо» депутаттык тобу жеңилдетилген кредит берүү, рынокторду диверсификациялоо жана башка маселелер боюнча Министрлер Кабинетине бир катар сунуштарды иштеп чыкты.