
Экономика жана соода министрлигинде тигүүчүлөрдү колдоо максатында бизнес ассоциациялары менен биргеликте уюштурулган практикалык семинар өттү. Иш-чарага катышуучуларга салык салуу, эсепке алуу жана продукцияны сертификаттоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Министрликтин маалыматына ылайык, Салык кызматынын адистери салык администрирлөөсүнүн негизги аспекттери боюнча түшүндүрмөлөрдү берди. Семинардын программасында учурдагы салык режимдери, чийки зат жана даяр продукцияны эсепке алуу эрежелери, ошондой эле электрондук документтерди, мисалы, электрондук эсеп-фактура (ЭСФ) жана электрондук товар-транспорт накладная (ЭТТН) түзүү тартиби талкууланды. Катышуучуларга туура эсепке алуу жана электрондук документооборотко өтүү экспорттук рынокторго чыгуу жана маркетплейстер менен иштөө үчүн абдан маанилүү экени белгиленди.
Семинарда продукцияны сертификаттоо боюнча өзүнчө блок каралды. Бишкек стандартизация жана метрология борборунун адистери ЕАЭБ 017/2011 Техникалык регламентинин талаптарын, декларация жана сертификаттарды алуу тартибин, лабораториялык сыноолорду өткөрүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүү үчүн документтердин толук пакетин даярдоо боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти. Катышуучуларга сертификаттоо процедураларын ийгиликтүү өтүү өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жогорулатары белгиленди.
Ошондой эле, товарларды «Честный знак» системасында маркировка маселеси маанилүү тема болду. «Альфа Телеком» компаниясынын өкүлдөрү системанын иштөө принциптери, маркировка коддорун алуу жана колдонуу процесси, ошондой эле маалыматтарды контролдоо механизмдери жөнүндө айтып беришти. Маркировканы киргизүү товар жүгүртүүсүнүн ачыктыгына, мыйзамсыз импорттун тобокелдиктерин азайтууга жана чет өлкөлүк рыноктордун ишенимин бекемдөөгө жардам берери белгиленди.
Семинарды уюштуруучулар мындай окуу иш-чаралары туруктуу өткөрүлүп турарын, бул жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жана аларды заманбап рынок талаптарына ылайыкташтырууга жардам берерин белгилешти.