
Бишкекте "Западная объездная дорога" долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кызматташуу меморандуму кол коюлду. Бул документ президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте түзүлгөн, деп билдирет аталган ведомствонун басма сөз кызматы. Меморандум борбордогу транспорттук логистиканы жакшыртууга жана иштеп жаткан жол тармагындагы жүктөмдү азайтууга жардам берүүчү маанилүү инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга багытталган.
Документти кол коюуда Транспорт жана байланыш министрлигинин, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Бишкек шаардык мэриясынын, "Элдик Банк" акционердик коомунун, "Бат Жет" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана Кытайдын "China National Heavy Machinery Corporation (CHMC)" компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар меморандумдун негизги максаты долбоорду ишке ашыруудагы биргелешкен аракеттерди координациялоо жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзүү экенин белгилешти. Бардык катышуучулар теңдик, өз ара пайда жана ачыктык принциптерине негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон кызыгууларын растады.
“Западная объездная дорога” долбоору борбордун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө негизги кадам катары каралууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн стимул катары эсептелет.