Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков акыркы беш жылда борбордун бюджети үч эсе өскөнүн белгиледи.
Көрсөтүлгөн долбоор боюнча Руслан Садырбаев Бишкектин жергиликтүү бюджетинин күтүлгөн кирешелери 32,9 миллиард сомду түзөрүн билдирди. Бул каражат жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана курууга, капиталдык оңдоп-түзөөгө жана жаңы социалдык объектилерди түзүүгө, ошондой эле жашылдандыруу жана аймактарды көрктөндүрүүгө жумшалат.



Угуу учурунда шаар тургундары газификация, канализация, жолдордун абалы, социалдык объектилер жана транспорт системасы боюнча суроолорду беришти. Мэриянын өкүлдөрү жана БГКнын депутаттары айтылган суроолорго жооп беришти, ал эми сунушталган идеялар тиешелүү кызматтар тарабынан кийинки кароого жазылып алынды.










