Меморандумга Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков жана "Кыргызстан Риклейм Ко. Лтд" компаниясынын башкы директору Цю Чэньци кол коюшту.














"Жетишилген келишимдерге ылайык, жалпы орнотулган кубаттуулугу болжол менен 200 МВт болгон кичи ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен $300 млн. деп бааланууда.Бул долбоорду ишке ашыруу жаңы генерациялык кубаттуулуктарды көбөйтүүгө, өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдөөгө жана энергетика секторунун туруктуу өнүгүшүнө жардам берет деп ишенишет Энергетика министрлигинде.