
Пилоттук долбоор аяктаган
Министрлер кабинетинин маалымат кызматына ылайык, 2025-жылдын 13-декабрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен электр энергиясын жыйноо системаларын жеткирүү, орнотуу жана чогултуу менен алектенген үч эл аралык компаниянын ортосунда Өз ара түшүнүшүү меморандуму кол коюлган. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев катышты.
Маалыматта, документ заманбап электр энергиясын сактоо технологияларын киргизүүгө багытталгандыгы, бул өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстандын жаңылануучу энергия булактарын пайдаланууга өтүшүн колдоого мүмкүндүк берет деп белгиленген.
Бул кызматташтык алкагында 100 кВт кубаттуулуктагы электр энергиясын сактоочу жабдык орнотулган «НЭСК» ААКсынын базасында пилоттук долбоор ийгиликтүү аяктады, ал эки сааттан ашык энергия берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Энергия булагы катары имараттын чатырында орнотулган күн панелдери колдонулган.
Меморандумду Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана энергияны сактоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Amperex Technology Co., Limited (CATL), Xiamen Ampace Technology Limited (Ampace) жана Yangpu Xinchuan Linghang New Energy Technology Co., Ltd. (YXL) компанияларынын өкүлдөрү кол коюшту.
Сүрөт министрлер кабинетинин маалымат кызматы