Эң маанилүү долбоорлордун арасында Баку — Тбилиси — Джейхан, Түштүк Кавказ газ кууру, ошондой эле TANAP, TAP жана Игдыр — Нахичевань газ кууру белгиленди. Мындан тышкары, Азербайжан, Казахстан жана Өзбекстан ортосундагы жашыл энергия, «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу жана кайра жаралуучу энергияны экспорттоо үчүн Кара деңиздеги суу алдындагы кабелге болгон стратегиялык өнөктөштүккө көңүл бурулду.
Жыйынына катышуучулар энергетикалык жана транспорттук тармактарды интеграциялоо жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу, энергетикалык ресурстар соодасын стимулдаштыруу жана түрк аймагында геополитикалык туруктуулукту жогорулатуу үчүн негизги фактор экенин белгилешти.
Министрлер ТМУ өлкөлөрүнүн традициялык жана кайра жаралуучу энергия булактарында маанилүү ресурстарга ээ экенин жана Европа менен Азиянын кесилишинде стратегиялык мааниге ээ орунда турганын белгилешти.
Глобалдык суроо-талаптын өсүшү жана энергетикалык рыноктордогу өзгөрүүлөр шартында энергетика тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү актуалдуу милдет болуп калганын жыйын катышуучулары баса белгилешти.
ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев экономикалык өнүгүүгө гана эмес, Европа жана коңшу региондордун энергетикалык коопсуздугуна да жардам берген инициативалардын маанисине көңүл бурду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча 2023-2027-жылдарга энергетикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу ниети растады. Министрлердин кийинки жыйыны 2026-жылы Өзбекстанда пландалууда.
- ТМУга Кыргызстан, Азербайжан, Казахстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Түркмөнстан байкоочу болуп саналат.