Зелен экономикага инвестиция тартуу үчүн ВИЭ мыйзамын адаптациялаштырат
Бүгүнкү өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын «Жаңылануучу энергия булактары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков бул мыйзам долбоору жаңылануучу электр энергия булактарын өнүктүрүүгө, энергетикалык системаны модернизациялоого, инвестициялык климатты жакшыртууга жана өлкөдөгү туруктуу