
«Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда башкармалыктын төрагасы Малик-Айдар Абакиров региондук ишкерлерге 85% кепилдик берилгенин билдирди.
Анын айтымында, фонддун 66% каражаты айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай, туризм жана ипотекалык кредит берүү сыяктуу негизги экономикалык секторлорду колдоого жумшалган.
«Аялдар жана жаштар ишкерлиги өзгөчө көңүл бурулат. Аялдар бизнесин колдоого берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 40% бөлүнгөн. Жалпысынан 586,2 миллион сомго 658 кепилдик берилди, бул 2,5 миллиард сомдук кредиттерди тартууга мүмкүнчүлүк берди. Бул жылы аялдар жана жаштар ишкерлигин активдүү өнүктүрүү үчүн атайын программаларды иштеп чыгабыз», - деп кошумчалады төрага.
Инвестициялар жана эл аралык долбоорлор боюнча Абакиров фонддун Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган үч долбоорду ишке ашырып жатканын белгиледи, алардын экөө уже аяктаган.
«32 миллион долларлык портфель кепилдиктери боюнча долбоор өткөн жылы пландаштырылган мөөнөтүнөн 1,5 жыл мурда ийгиликтүү аяктады, бул жогорку баа – highly satisfactory алды. Мындан тышкары, биз Дүйнөлүк банк менен 59 миллион долларлык жашыл кепилдиктерди бөлүү боюнча келишимге кол койдук, бул долбоордун практикалык ишке ашырылышы 2026-жылдын экинчи кварталында башталат», - деп билдирди ал.