Кабминдин башчысы илим жана технологиялар боюнча кызматташтыкка арналган эл аралык конференцияга катышты
Жумуш сапарынын алкагында Россия Федерациясына барган өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев илимий жана технологиялык кызматташууга арналган эл аралык конференцияга катышты. Иш-чаранын учурунда өкмөт башчы ЕАЭБдин мүчө жана байкоочу мамлекеттеринин премьер-министрлери менен бирге ВДНХ көргөзмө комплексинин аймагында жайгашкан «Атом» павильонундагы музейди зыярат кылды. Бул павильон атомдук тармакты өнүктүрүүгө арналган эң маанилүү билим берүү борбору болуп эсептелет.