
2025-жылдын 11-ноябрына карата көмүр запастары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
• отун базаларында — 3 741 тонна;
• стационардык сатуу пункттарында — 195 тонна;
• ОАО «Кыргызкөмүр» складдарында — 350 тонна.
Отун складдарын жана көмүр сатуу пункттарын текшерүү Энергетика министрлиги, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлдү. Бул текшерүүлөрдүн максаты катуу отун запастарын изилдөө, бааларды контролдоо жана 0–13 мм фракциядагы көмүрдү сатууга, сактоого жана пайдаланууга жол бербөө болуп саналат.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көмүрдүн баалары 5 800 сомдон 8 000 сомго чейин, маркасына жана өндүрүлгөн аймагына жараша өзгөрүп турганы аныкталды. Ошондой эле, жергиликтүү тургундар жана көмүр саткандар менен учурдагы рыноктук абалды түшүндүрүү боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.
Учурда Бишкекте 10 отун базасы жана бир нече стационардык көмүр сатуу пункттары иштеп жатат.
Отун базаларынын даректери:
Ленин район:
1. Мурманская көчөсү, 126;
2. Мурманская көчөсү, 45/2 — ОсОО «Кара Тоо»;
3. Мурманская көчөсү, 122, 122а — ОсОО «Береке»;
4. Мурманская көчөсү, 1б — ОсОО «Беш-Сары»;
5. Алыкулова көчөсү, 3;
6. Дэн Сяопин проспекти, 308/4 — ИП «Болотбеков»;
7. Б. Алыкулова көчөсү, 6б — ИП «Абиев Нурлан»;
8. Б. Алыкулова көчөсү, 1д/1.
Октябрь район:
1. Аламудун станциясы, Төкөлдөш ж.б. — ОсОО «Глобал Азия Пропертиз».
Свердлов район:
1. Достоевского көчөсү, 1 — ИП «Гефест».
Стационардык көмүр сатуу пункттары:
Свердлов район:
1. МТУ «Лебединовка», Победы проспекти, №23;
2. Победы проспекти, №289;
3. «Биримдик — Кут» ж.б., 26-контур;
4. «Ак-Жар» ж.б., борбордук көчө;
5. МТУ «Аламудун», Алматинская көчөсү, №262;
6. МТУ «Төмөнкү Ала-Арча», Кыргызская көчөсү, 1/а;
7. Кыргызская көчөсү №8, 10, 12, 20, 24.
Октябрь район:
1. Анкара жана Достоевского көчөлөрүнүн кесилишинде;
2. Кок-Жар айылында, 20-квартал, 7 Апреля көчөсү, №32, Мадиева көчөсү, 38;
3. «Кок-Жар» ж.б., Полевая көчөсү, 1/7;
4. «Кара-Жыгач» ж.б., Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилишинде;
5. «Төкөлдөш» ж.б., Сары-Өзөн көчөсү, 98а;
6. «Рухий Мурас» ж.б., Анкара жана Биринчи көчөлөрүнүн кесилишинде.
Первомай район:
1. Пригородное айылында, Юбилейная көчөсү, №50;
2. Озерное айылында, Школьная жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде;
3. Щербакова көчөсү, №121;
4. «Алтын-Бешик» ж.б., Мыскал жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде;
5. Кызыл-Кыя көчөсү, №172;
6. «Калыс-Ордо» ж.б., айланма жол, №207 МТУ;
7. «Калыс-Ордо» ж.б., айланма жол;
8. Жаш Гвардия көчөсү, №177.