
Бишкекте кисет, белет жана ремень тигүү жана кестелөө боюнча мастер-класс өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара 15-ноябрда Г. Айтиева атындагы КНМИИде өтүп, КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, жаштарга салттуу көндүмдөрдү үйрөтүп жаткан устат Турар Турганалынын жетекчилиги астында өтөт.
Иш-чарага катышуучулар 40х40 см өлчөмүндөгү кездемени (калдык материалдарды колдонсо болот) алып келишсе, калган материалдар жана инструменттер уюштуруучулар тарабынан берилет.
«Келип, кисет, белет жана ремень жасоонун сырларын үйрөнүңүз, тажрыйбалуу устат менен чыгармачылык атмосферада көндүмдөрүңүздү өнүктүрүңүз!» - деп белгилешти министрликтен.
Башталышы 11:00.
Катышуу акысы 300 сом, билеттерди музейдин кассасынан сатып алса болот.
Орундун саны чектелүү — бардыгы 10 катышуучу.
Алдын ала катталуу милдеттүү (директке жазыңыз).
Өткөрүүчү жер: Ю. Абдрахманов көчөсү, 196.