
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын күзүндө болгон трагедиялык окуялар К.А.нын гана эмес, сот системасынын да аракетсиздигинин натыйжасы болуп калды. Тергөө процессинде ал бир эле эмес, бир нече кызды өлтүргөндүгү, алардын денелерин Бишкектен тышкары ар кандай калк жашабаган жерлерге жашыргандыгы аныкталды. К.А. тергөө учурунда бир нече курмандыктары бар экенин мойнуна алды.
Тергөө К.А.нын кылмыштуу аракеттери 2015-жылы, 21 жаштагы аялды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн камакка алынганда токтотулушу мүмкүн экенин аныктады. Ошондо сот аны 12 жылга эркинен ажыратуу жазасына тарткан, бирок 2016-жылы Бишкек шаардык соту, судьялар С.Б., Ж.М. жана К.А.нын катышуусунда, прокурор Д.М. жана адвокат С.Ж. менен биргеликте жаза мөөнөтүн жеңилдетип, анын үч жылдан кийин эркиндикке чыгышына жана кылмыштарын улантуусуна мүмкүнчүлүк берген.
Жыйналган далилдердин негизинде адвокат дагы камакка алынып, ага камакка алуу чарасы тандалды. Судьялар кеңеши мурда аталган судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну макулдашты.
Учурда судьялар С.Б., Ж.М. жана К.А. Кыргыз Республикасының Кылмыш кодексинин 336-беренеси (Коррупция) жана 352-беренеси (Адилетсиз чечим чыгаруу) боюнча айыпталууда. Прокурор Д.М. дагы коррупция боюнча иштин фигурантына айланды. Первомай райондук соту айыпталуучуларды камакка алуу чечимин кабыл алды.
Ошентип, коррупцияга баткан судьялардын аракеттери 17 жаштагы Айсулуунун жана башка курмандыктардын өлүмүнө алып келген трагедиянын себептеринин бири болуп калды.
Тергөө уланууда.