
Россия-Қазақстан чек арасында «Сагарчин» өткөрүү пунктунда 300 кг балды Кыргызстандан керектүү документтерсиз алып кирүүгө аракет токтотулду.
Медиага берилген маалыматка ылайык, балдын ветеринардык күбөлүктөрү жок болгондуктан, анын коопсуздугу жана мыйзамдуу келип чыгышы күмөн саноого алынган.
Жүк ташуучу администативдик жоопкерчиликке тартылып, бал Кыргызстанга кайра жөнөтүлдү. Окуя Россиянын чек арасындагы Россельхознадзор жана башка көзөмөл органдарынын биргелешкен ишинин натыйжасында болду.