2025-жылдын 13-ноябрында Кыргызстандын Эмгек министрлигине караштуу жарандарды жумушка орноштуруу борборунун кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте рейд өткөрүштү. Рейддин натыйжасында Кыргызстандын жарандарын европа өлкөлөрүндө мыйзамсыз жумушка орноштуруу аракетинин алдын алынды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Борборго келип түшкөн маалыматка ылайык, Technopark имаратында чет элдик адамдар Кыргызстандын жарандарын европа өлкөлөрүндө жумушка орноштуруу үчүн массалык түрдө кабыл алуу уюштурушкан.
Текшерүү учурунда уюштуруучүлөрдүн өлкөдөн тышкары жарандарды жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүгө мыйзамдуу уруксаты жок экени аныкталды.
Бул окуя боюнча материалдар Ички иштер министрлигине териштирүү жана уюштуруучулардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлдү.
Жумушка орноштуруу борбору физикалык жана юридикалык жактарга Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу тек гана белгиленген тартипте берилген расмий уруксат болгондо мүмкүн экенин эскертет.
Кыргызстандын жарандарына чет өлкөлөрдө жумушка сунуш кылган компаниялар жана жеке жактардан керектүү документтердин бар-жогун текшерүү сунушталат.
Агенттиктердин легалдуулугун текшерүү үчүн борбордун расмий сайтында: https://migrant.kg