
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын жарандары үчүн чет өлкөдөгү шайлоо участкаларын кеңейтүү боюнча ишин улантууда.
5-ноябрда өткөн жыйында Казакстандагы Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында үч жаңы шайлоо участкасын түзүү чечими кабыл алынды.
Бул участкаларды кошуу менен чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын жалпы саны 100гө жетти.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 18-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 71 шайлоо участкаларын түзүүнү бекиткен, андан кийин 24 жана 27-октябрда дагы 20 жана 6 участок кошулган.
Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка ылайык, мындай чаралар чет өлкөдө убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын коргоого багытталган.