Максималдуу пайыз ломбарда 30% жылдык, - Минэкономики
Мамлекеттик адис 2018-жылы киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий кичи жана орто бизнес, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында киргизилгенин белгиледи. Ал мораторийдин иштеп турган учурунда жарандарды коргоо механизми бар экенин, ыйгарым укуктуу органдар мыйзам бузуулар боюнча арыздар келип түшкөн учурда пландалбаган текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу экенин жана пайда болгон көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.