Школьник Беккан Аллабердыев Америкада өткөн математикалык олимпиадада биринчи орунду ээледи
10-январда Лос-Анжелесте, АКШда, эл аралык математикалык олимпиада XCEL (Xtraordinary Challenge in Education and Learning) өттү. Кызыл-Киядан келген илимпоз Беккан Аллабердыев 40 өлкөнүн катышуучуларынын арасынан биринчи орунду ээлеп, жеңүүчү болду.