Бишкекте алдамчылык үчүн курулуш компаниясынын кызматкери кармалды
Алынган маалыматка ылайык, Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы тергөө кызматы жогоруда аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин баштады. Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери шектүү — 1991-жылы туулган ОсОО Х.А.нын башкы директорун кармоого жетишти. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилди жана Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.