

Караколдо 14 гектар аянтта 5000 көрүүчүгө ылайык жаңы спорт комплекс курулат. Шаардын мэри Каныбек Адиев бул маалыматты өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарып, тургундар менен отчеттук жыйында бөлүштү.
Мэрдин айтымында, спорт комплекси «Кашка-Суу» аймагында жайгашып, олимпиадалык стандарттарга жооп берген бассейн жана мейманкана менен камсыздалат.
Мындан тышкары, жаңы комплексинин жанында 275 орундуу спорт интернаты куруу пландалууда. Бул үчүн 5 гектар жер бөлүнүп, спортчуларды даярдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт.