Кыргызстанда эмгек рыногунда 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар
Бүгүнкү күндө республикада расмий катталган жумушсуздук деңгээли 1,4% түзөт. Эмгек кызматтарында 59,6 миң жумушсуз адам каттоодо турат, алардын ичинен 40,9 миңи расмий каттоодон өткөн. Жыл башынан бери эмгек кызматтарына 117 211 жаран кайрылган. Эмгек кызматтары 13 274 жаранга жумушка орношууга жардам беришти.