
Бүгүнкү күндө республикада расмий катталган жумушсуздук деңгээли 1,4% түзөт. Эмгек кызматтарында 59,6 миң жумушсуз адам каттоодо турат, алардын ичинен 40,9 миңи расмий каттоодон өткөн. Жыл башынан бери эмгек кызматтарына 117 211 жаран кайрылган.
Эмгек кызматтары 13 274 жаранга жумушка орношууга жардам беришти.
Жумушсуздардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, компьютер операторлору, соода агенттери, ашпозчулар, косметологдор, чач тарачтар, маникюр усталары, массажисттер, визажисттер, котормочулар, 1С программасында тажрыйбасы бар бухгалтерлер, тигүүчүлөр, электргаз сварщиктери жана сантехниктер сыяктуу талап кылынган кесиптер боюнча курстар өткөрүлүүдө.